Бишкекте дагы бир бейтапка боор алмаштыруу операциясы жасалууда

Бишкекте дагы бир бейтапка боор алмаштыруу операциясы жасалууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, операция Кыргыз-түрк достук ооруканасында өтүп жатат. Кыргызстандык дарыгерлерге түркиялык адистер көмөктөшүүдө.

Эске салсак, кечээ, 10-июнда Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аяктаган. Операция 8-9 саатка созулуп, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган түркиялык жана кыргызстандык адистерден турган дарыгерлер тобу катышкан.

"Операциянын жыйынтыгы биз үчүн канааттандырарлык болду, донордук боор трансплантациядан кийин дароо иштей баштады, бул бейтаптын андан ары сакайып кетиши үчүн жакшы жышаан", - деп билдирген саламаттыкты сактоо министри.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан