Америкалык окутуучу жана профессор Венди Финлейсон Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде англис тили мугалимдерине сабак өтүп, тажрыйбалары менен бөлүшүп жатат. Венди АКШ элчилигинин колдоосу менен "Англис тили боюнча адис" программасы аркылуу Кыргызстанга келген. Ал 27-майдан 14-июнга чейин борбордогу университеттин мугалимдерине англис тили боюнча тренинг өткөрүүдө. Ага Европа цивилизациясы факультетинин, колледждин жана башка жогорку окуу жайлардын окутуучулары катышууда.
Семинарда "Magic School", "GPT" жана "жасалма интеллект" сыяктуу англис тилин үйрөтүүгө арналган техникалык платформалар боюнча сабактар өтүлүүдө. "Кыргызстандык мугалимдер мени дайыма таң калтырып келет" деди Венди Финлейсон SUPER.KG порталына берген кыскача маегинде.
- Кыргызстанга келген таасирлериңиз менен бөлүшүүдөн мурун сапарыңыздын максаты жөнүндө айтып берсеңиз.
- Бул менин Кыргызстанга экинчи жолу келишим. Биринчи жолу 2022-жылы келгем, ошондо англис тили боюнча стипендиат катары Бишкек мамлекеттик университетинде студенттер жана окутуучулар менен иштешкем. Азыр мугалимдер үчүн долбоордо иштеп жаткан адис катары кайра келдим. Бул тажрыйба алмашуу, америкалык маданият жөнүндө айтып берүү жана Кыргызстандын маданияты тууралуу көп жаңы нерселерди билүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк.
- Айтсаңыз, биздин англис тили мугалимдери студенттер менен иштөөдө эмнелерди эске алуусу керек?
- Албетте, алар эске алышы керек болгон көп нерселер бар деп ойлойм. Эң негизгиси - студенттердин муктаждыктарын, кызыкчылыктарын жана максаттарын эске алуу. Бул алар менен мамиле түзүүдөгү биринчи кадам. Ошондой эле мугалимдер мугалимге багытталган лекциялардан баш тартууну ойлонушу керек деп эсептейм. Студенттерге тилди үйрөнүүгө көбүрөөк убакыт берип, ката кетирүүгө жана каталарынан үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берүү керек.
- Бул сапарда мугалимдер менен кандай иштешип жатасыз?
- Жогоруда айткандай, тажрыйба алмашуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк болду. Университеттин окутуучулары мени жылуу тосуп алышты, ошондой эле бүтүрүү кечеси, аялдар күнү, факультеттин студенттери арасындагы сынактар сыяктуу иш-чараларга катыштым. Мындан тышкары студенттерге дарс окууга да үлгүрдүм. Бул жерден алган тажрыйбам окутуучулар жана студенттер менен баарлашуудагы эң мыкты тажрыйба болду. Чынында бул мага стипендиат катары да, адис катары да университеттин бир бөлүгү болууга жардам берди.
- Ар бир сапар, ар бир саякат адамга жаңы идеяларды берет эмеспи. Кыргызстанга сапар сизге эмне берди?
- Кыргызстанга биринчи жолу келгенимден бери англис тили мугалимдеринин билими мени дайыма таң калтырып келет. Кыргызстандын көпчүлүк аймактарын кыдырып, мугалимдер менен иштешүүгө мүмкүнчүлүк алдым. Алардын билимди өнүктүрүүгө, жаңы идеяларга жана студенттер менен иштөө ыкмаларына болгон каалоосуна абдан таң калдым. Алар билимдерин өнүктүрүү, жаңылоо үчүн ар кандай курстардан өтүшөт. Мугалимдердин чектелүү ресурстарга карабастан чыгармачылык менен иштөө жөндөмдүүлүгү мени таң калтырды. Кыргызстандагы мугалимдер мага чоң таасир калтырды, мен алардын өз ишине берилгендигин, окуучуларына болгон сүйүүсүн көрдүм. Ошондой эле кара жорго бийин бийлегенди үйрөндүм, аш, лагман, бешбармак сыяктуу даамдуу тамактарды жегенге үлгүрдүм.
- Маек берүүгө убакыт бөлгөнүңүз үчүн чоң рахмат! Бул сиздин Кыргызстанга болгон акыркы сапарыңыз эмес деп ишенем.