АКШ президенти Жо Байдендин уулу Хантер Байден курал-жаракты сактоо эрежелерин бузуу боюнча үч берене менен тең күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, сот арачылары Хантер Байден 2018-жылдын октябрында ок атуучу курал сатып алуу тууралуу калп айтканын билдирген. Тагыраагы, ал курал сатып алуу баракчасындагы "баңгизатына көз карандыбы?" деген суроого "жок" деп жооп берген.
Натыйжада ал курал-жаракты сактоо эрежелерин бузуу боюнча күнөөлүү деп табылган. Эми ал 25 жылга эркинен ажыратылып, 750 миң долларга чейин айып пул төлөшү мүмкүн.
Американын мыйзамдары баңгизатын колдонгон же сактаган адамдарга курал сатып алууга же сактоого тыюу салат.