Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 миллиард 196 миллион метр кубду түздү. Мындай көрсөткүч бүгүн, 12-июнга карата "Электр станциялары" ААКсынын жаңыланган маалыматында көрсөтүлөт.
Учурда суунун агып кирүүсү секундасына 906 метр кубду, ал эми суунун агып чыгышы 440 метр кубду түзүүдө.
Былтыр бул күнү суу сактагычта 8 миллиард 919 миллион метр куб суу топтолгон болчу.