"Байге фонду 10 миллион сомдон ашат". Өлкөдө журналисттер арасында “Мейкин” сыйлыгы уюштурулду

Президент Садыр Жапаров медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу “Мейкин” сый акысын уюштуруу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында, жарлыктын негизги максаты - журналистика жаатындагы чыгармачылыкты колдоо жана кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу, журналисттердин илим, билим берүү, медицина, маданият, спорт, экономика, экология, туризм, айыл чарбасы, өнөр жайы жана башка чөйрөлөрдөгү чыгармачылык активдүүлүгүнө дем берүү.
Ошондой эле ал сыйлыктын байге фонду 10 миллион сомдон ашат. Он номинациянын ар бирине 1 миллион сомдон сый акы каралган. Мындан тышкары кызыктыруучу белектер дагы бар экендигин кошумчалады.
Ага ылайык журналисттер он номинация боюнча темаларды тандап алышат:
- "Бир эл – бир түндүк” - материалда өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий турмушунда элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди өнүктүрүү жана чыңдоо, каада-салттарды жана көп түрдүүлүктү сактоо, коомдо толеранттуулукту жогорулатуу сыпатталат;
- “Керемет Кыргызстан” - материалда адамдарда өлкөсү үчүн сыймыктануу сезимин тарбиялоо жана активдүү эс алуу маданиятын өнүктүрүү кызыкчылыгында өлкөнүн жаратылышынын ажайып кооз жайлары жана элдин меймандостугу сыпатталат;
- “Салык – өнүгүүгө салым”- материалда салыктардын мамлекеттин негизги киреше булагы катары мааниси сыпатталат, ал аркылуу саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык коргоо, инфраструктура, коргоо сыяктуу бардык мамлекеттик программалар каржыланат жана мамлекетке коомдук бакубаттыкты берүүгө жана өлкөдөгү экономикалык туруктуулукту сактоого мүмкүндүк берет;
- “Таза Мекен”- материалда адамзаттын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу жана келечек муундар үчүн планетаны сактоо максатында жаратылышка аяр мамиле жасоо сыпатталат;
- “Билим – келечек” - материалда билим берүү ар бир адамдын өнүккөн жана туруктуу коомду калыптандырууда маанилүү ролду ойногон, ошондой эле инсанды өнүктүрүүгө, азыркы учурдагы дүйнөгө ийгиликтүү ыңгайлашуу үчүн зарыл болгон баалуулуктарды, билгичтикти жана көндүмдөрдү калыптандырууга шарт түзүүчү фундаменталдык укугу катары сыпатталат;
- “Куттуу элет” - бул номинация боюнча материалда региондордун айыл чарбасы, мал чарбачылыгы менен алектенген жашоочуларынын жашоосу жана алардын ийгиликтеринин сырлары, өзгөчө окуялары жана кызыктуу башталыштары жөнүндө баяндалат;
- “Мекен жана мен” - бул номинация боюнча материалда өлкөнүн жана коомдун коопсуздугун камсыздаган адамдардын баатырдык эрдиктери жана патриоттук сезимдери баяндалат;
- “Мекендештер” - бул номинация боюнча материалда чет өлкөдө иштеген жана окуган мекендештердин жашоосу, алардын чет өлкөдө Кыргызстан жөнүндө жакшы пикирди калыптандырган ийгиликке карай жолу баяндалат;
- “Кыргызстанда чыгарылган (Made in KG) - бул номинация боюнча материалда республиканын өндүрүштүк жана өнөр жай ишканаларынын иши баяндалат, ата мекендик продукцияга өлкөнүн ичинде жана анын чегинен тышкары дем берүүнүн жана колдоонун маанилүүлүгү ачылат;
- “Сергек жашоо” - бул номинация боюнча материалда заманбап адамдын сергек жашоо образын жана спортун колдоонун маанилүүлүгү баяндалат, ошондой эле коомчулукту өсүп келе жаткан муундун туура тамактануусуна, дене тарбиясына өзгөчө көңүл бурууга шыктандырат", - деп билдирди Орунбеков.

Жобонун негизинде жакын арада комиссия түзүлөрү, калыстар тобунун көпчүлүгү көз карандысыз медиа эксперттерден тандалары айтылды. Сый акыны быйыл 7-ноябрда президенттин катышуусунда тапшыруу күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан