Эдил Байсалов кыргыз тилинде 50 китеп басылып чыкканын жазды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кыргыз тилинде 50 китеп, ар бири 2 миң тиражда басылып чыкканын социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Айтымында, китептердин арасында дүйнөлүк классикалардын котормолору, кыргыз жазуучу-акындардын китептери, балдар адабияты бар.
"Жакынкы күндөрү республикадагы бардык китепканалар ушул жаңы чыккан китеп менен толукталып, окурмандарга сунушталат.
Сиздер жакшы билгендей, өлкөбүздөгү китепканалар кыргыз тилиндеги жаңы адабият менен толукталбай келген. Бул китептер иштин башталышы гана. Мындан ары акын-жазуучулардын талапка жооп берген китептери мамлекет тарабынан колдоого алынып, басылып чыгып турат. Ал эми негизги көңүл котормого, аларды биздин элге адаптациялоого бурулмакчы", - деп жазган ал.
Ошондой эле Байсалов аталган иштер өлкө башчысы Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашканын белгиледи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан