Балыкчы-Бишкек каттамына жаңы ВИП вагон ишке кирди

Бишкек-Балыкчы-Бишкек жүргүнчүлөр каттамы үчүн кезектеги ВИП вагон ишке кирди. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жаңы ВИП вагон мурунку вагонго окшоштурулуп жасалган, бирок саякатты мурункудан да ыңгайлуу жана жагымдуу кыла турган бир катар дизайнердик инновациялар жана жакшыртуулар менен толукталган.

Инновациялары жана жакшыртуулары:

- ВИП вагондо тамак-аш жана суусундуктар сактала турган муздаткыч функциясы менен заманбап бар-стол орнотулган;

- вагондо жүктөрдү сактоо үчүн ыңгайлуу чечим – отургучтардын астындагы орундук. Эми жүргүнчүлөр жүктөрүн отургучтардын астына сактай алышат;

- +40ка чейинки температурада дагы ыңгайлуулукту камсыз кылган панорамалык терезелер жана кубаттуу кондиционерлер жабдылган;

- жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн вагон видеобайкоо тутуму, ал эми жагымдуу саякат үчүн стереотутум жана телевизорлор менен жабдылган.

Мындан тышкары бул жылы Бишкек-Балыкчы-Бишкек поездинин каттамынын айырмалоочу өзгөчөлүгү - анын курамына вагон-генераторду киргизүү болуп саналат.

"Бул вагон 600 киловатт кубаттуулукка эсептелген 40 вагонго чейин электр энергиясы менен камсыздай алат. Вагондо ар бири 300 киловатт болгон эки даана генератор орнотулган. Эгерде бир генератор иштебей калса, экинчи генератор автоматтык түрдө электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүнү камсыз кыла баштайт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан