Миң-Кушта сайга кулаган жүк ташуучу унаа: Маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлдү

Бүгүн, 13-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Нарын облусунун Миң-Куш айылында уран калдыктарын ташып келе жаткан жүк ташуучу унаанын сууга кулаганы боюнча маселе көтөрүлдү.

Жыйында депутат Исхак Масалиев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдон Миң-Кушта кырсыкка кабылган жүк ташуучу унаада уран калдыктары болгон деген маалыматтын чын-төгүнүн сурады.

"Ошол калдыктар сууга түштүбү, түшпөдүбү? Ал уран кай жактан чыгып жатат. Ушул боюнча маалымат берип койбойсузбу? Чын эле ушундай болдубу, же бул туура эмес маалыматпы?" - деди ал.

Өкмөт башчы уран калдыктары жабык түрдө ташылып келе жатканын белгилеп, маалымат туура эмес тараганын айтты.

"Ал жерде Герметикалык ташуу болуп жаткан. Туура эмес маалымат. Туура эмес маалыматты таратып жатышат. Ал жерде күнөө жүк ташуучу унаанын айдоочусунан кетип калды. Өйдөгө баратканда ылдамдыкты котором деп артка кетип калган. Ал жерде уран эмес, ал баякы иштетилген калдыктарды бир орундан коопсуз жерге көчүрүп жаткан. Ал жерде эч кандай коркунуч жок", - деди Жапаров.

Масалиев коомчулукту түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы менен кабардар кылууну өтүндү.

Ошондой эле депутат Мирлан Самыйкожо бул боюнча жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Медетбек Маметовдун айтканын эске салды.

"Тактоо иретинде, Акылбек Үсөнбекович, "Миң-Куштагы кулаган унаанын ичинде эмне бар" деген суроого кечээ башкача жооп болду эле, же жаңылып калдыбы?" - деди эл өкүлү.

Жапаров буга Маметов даярдыгы жок маалымат бергенин айтып жооп берди.

Буга чейин 11-июндагы Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин отурумунда жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Медетбек Маметов кырсыкка кабылган жүк ташуучу унаада уран калдыктары болгонун айткан.

Белгилей кетсек, 3-июнь күнү социалдык тармактарда жергиликтүү тургундар тарабынан кырсык болгон жерде тартылган сүрөт, видеолор тарай баштаган. Бир катар жергиликтүү басылмалар Миң-Кушта уран калдыктарын ташыган HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа көпүрөдөн сайга кулап түшкөнүн жазып чыгышкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Туюк-Суу калдык сактоочу жайындагы рекультивация иштерин жүргүзүп жаткан "Росатомго" таандык унаа кулаганын ырастап, унаа кырсыкка учураган маалда бош болгонун, кырсык болгон аймакта радиациянын көрсөткүчүн ченегенде кооптуулук жок деп чыкканын маалымдаган.

10-июнда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги окуя 1-июнь күнү болгонун, кырсыкты иликтөөчү комиссия түзүлгөнүн билдирген.

Жогорку Кеңеш 13.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан