Баткен районунун Төрт-Күл айыл аймагынын Чоң-Талаа айылында жашаган Күмүшай Назарова учурда эски авариялык абалдагы үйдө баш калкалап келет. Буга байланыштуу жергиликтүү эл, Төрт-Күл айыл аймагынын тургундары “Круг добра Баткен” кайрымдуулук фонду менен биргеликте жаңы үй куруп берүүдө.
Белгилей кетсек, Күмүшай Назарова 69 жашта. Ал Чоң-Талаа айылынын тургуну. Учурда эскилиги жеткен эки бөлмөлүү үйүндө кичүү уулу менен бирге күн кечирип келет. Жолдошу эрте каза болуп калгандыктан, эки уулун жалгыз чоңойткон. Каарманыбыз жарыгы жок караңгы үйдө жашайт. Учурда анын ден соолугу, көрүүсү начарлап, буту ооруп калган.
Каарманыбыздын көптөн күткөн тилеги орундалып, бүгүнкү күндө кайрымдуу элден топтолгон каражатка жаңы үй курулуп жатат. Учурда 3 бөлмөлүү үйдүн пайдубалы тургузулду. 1 ай аралыгында толук бүтүрүү пландалган.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:
Мбанк: 0222181194 (Заинова А)
Сбербанк: 4276 4000 4730 9894 (Заинова А)
О! деньги: 0500181194 (Заинова А)
Balance.kg: 0222181194 (Заинова А)