Биз социалдык тармакта

Билим берүү министрлиги шылуундар тууралуу эскертти

Билим берүү жана илим министрлиги министрликтин жетекчилигинин, кызматкерлеринин атынан мессенжерлер жана социалдык тармактар аркылуу (Whatsapp, Telegram, Facebook) жашыруун номурдан жазып, чалган шылуундар тууралуу эскертти.
"Министрлик эгерде билим берүү уюмуна техникалык каражаттарды бөлүп берсе, анда ал атайын буйрук менен бекитилет.
Министрликтин буйругунун көчүрмөсү билим берүү уюмуна аткаруу үчүн кат жүзүндө жиберилет. Министрликтен техникалык каражаттарды алуу үчүн билим берүү уюму акча каражаттарын которбошу керек.
Андыктан министрликтин же анын кызматкерлеринин атына жамынган адамдардын чалууларына ишенбөөгө, акча каражаттарын которбоого чакырабыз.
Эгерде мындай учур катталса, сиздер менен иш алып барган министрликтин кызматкерине чалып тактоону сунуштайбыз", - дешти министрликтен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан