Администрациялык-аймактык реформалоодон кийин жумушсуз калган кызматкерлерге компенсация каралды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 13-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Администрациялык-аймактык реформалоого чейин 10 миң 287 штат болсо, кийин 6 миң 398 болуп калды. Бул жерде 3 миң 856 шатат кыскарды. Мурда бул кызмат адамдарына 4,8 миллирад сом каражат жумшалса, азыр 3 миллиард сом жумшалат. Мындан 1,8 миллиард сом үнөмдөлүп жатат", - деди ал.
Ошондой эле Жапаров кыскарган адистер резервдерге киргизилип, аларга келишимдик негизде иштөө механизмдери түзүлгөнүн кошумчалады. Мындан тышкары өкмөт башчы аталган реформадан кийин жумушунан биротоло кеткен кызматкерлерге жалпы 469 миллион сом компенсациялык төлөмдү бөлүштүрүп берүү каралганын айтты.