Миң-Кушта кырсыкка кабылган жүк ташуучу унаа боюнча ӨКМ маалымат таратты (видео)

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Нарын облусунун Миң-Куш айылында уран калдыктарын ташыган жүк ташуучу унаанын кырсыкка учурашы боюнча маалымат берип, жеринен даярдалган атайын чыгарылыш менен бөлүштү.

Министрлик бул боюнча коомчулукта толук эмес маалымат тарап, кооптонуу болуп жатканын белгиледи.

"Бул кырсык боюнча журналисттер унаадагы калдык сууга түшүп, жергиликтүү элдин ден соолугуна, экологияга, ал эле эмес, дарыя аркылуу коңшу мамлекетке өтсө Кыргызстандын жоопкерчилиги кандай болот деген чочулоо менен маалымат таратышты. Албетте, мындай маалымат коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратууда. Мындан улам биз чындыгында эле уран калдыгы дарыяга түшкөнбү? Түшсө кандай кооптуулукту жаратат? Ага катар эле беделдүү массалык маалымат каражаттарында тарап жаткан толук эмес маалыматтарга жооп берүү максатында биздин чыгармачыл топ жеринен тиешелүү адистердин, жергиликтүү тургундардын пикирин чагылдырган атайын чыгарылышты сунуштайбыз.

Эгерде тазаланбаса кандай кооптуулук жаралат? Туюк-Суу калдык сактоочу жайынын айланасында жер көчкү жүрүү кооптуулугу бар. Мында жер көчкү жүрүп кетсе, Туюк-Суу дарыясынын нугу жабылып, суунун деңгээли калдык сактоочу жайды жууйт. Ал эми ууланган суу Көкөмеренден Нарын дарыясына өтүп, андан соң Сыр дарыяга куюп, трансчекаралык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жаратышы мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ӨКМ окуя 1-июнь күнү саат 14:15 чамасында болгонун, анда Туюк-Суу калдык сактоочу жайынан Дальнее калдык сактоочу жайына калдык ташып бара жаткан Howo үлгүсүндөгү унаа Миң-Куш суусундагы көпүрөдөн өтүп бара жатып жол кырсыгына кабылганын кошумчалады.

13.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан