Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров Ысык-Көлгө келди

Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров учурда Ысык-Көлдө жүрөт. Мындай маалымат социалдык тармактарга тарады.

Павел Дуровдун келишинин негизги себеби айтыла элек. Бирок ал буга чейин өзүнүн Telegram каналы аркылуу жай мезгилинде Борбор Азияга барууну көздөп жатканын айткан. Ошондой эле адамдар Telegram`ды кантип колдонорун жана алардын санариптик муктаждыктарын изилдөөнү максат кылып жатканын билдирген.

Павел Дуров Кыргызстанга достору менен 12-июнда келген. Алардын арасында орусиялык блогер Гусейн Гасанов да бар. Гусейн Хасановдун Instagram баракчасына караганда, ал Ысык-Көлдө жүргөнү көрүнөт.

Павел Дуров - орусиялык ишкер, ВКонтакте социалдык тармагынын жана Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү катары белгилүү. 2006-жылы бир тууганы Николай менен биргеликте ВКонтактени түзүп, ал тез арада Орусиядагы жана КМШдагы эң популярдуу социалдык тармактардын бирине айланган.

2014-жылы орус бийлиги менен болгон чырдан кийин Дуров компаниядан кетип, Telegram`ды өнүктүрүүгө көңүл бурган. 2013-жылы ачылган Telegram учурда дүйнөдөгү эң популярдуу мессенжерлердин бири.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан