Баткенде буудай жыйноо иштери башталды

Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагындагы “Элита” үрөн чарбасы күзүндө себилген кылкандуу дан эгиндерин оруп баштады.
Президенттин Баткендеги өкүлчүлүгү чарба талаасында гектарына 44 центнерден түшүм алынып жатканын кабарлады. Өткөн жылы облус аймагында кылкандуу дан эгиндеринин жаңы сорттогу үрөндөрү себилген.
Ушул жылдын жазында облус боюнча жалпы 20 778 гектар жерге кылкандуу дан себилип, өткөн жылга салыштырмалуу дан эгиндеринин аянты 200 гектарга көбөйгөн.
Ал эми 2023-жылы күзүндө 5900 гектар күздүк себилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан