Еревандагы тополоңдон кийин 101 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жаракат алган 85 жаран медициналык жардам алгандан кийин айыгып чыгып, 16 адам медициналык мекемелерде дарыланууда. Алар жеңил жана орточо жаракат алышкан.
12-июнда Баграмян аянтындагы митинг тополоңго айланып, полиция күч колдонуу менен үн чыгаруучу гранаталарды колдонгон.
Эске салсак, 9-майдан бери Ереванда Никол Пашиняндын кызматтан кетишин, Азербайжан менен чек араны делимитациялоо процессин токтотууну жана бир катар чек ара аймактарын Бакуга өткөрүп берүүнү талап кылган нааразылык акциялары өтүп жатат.