Электрондук тамеки тарткандарга 40 миң сом айып салуу сунушталууда

Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында электрондук тамеки колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Мыйзам долбоорун Шаирбек Ташиев баштаган депутаттар демилгелеген. Ага ылайык, электрондук тамекилерди пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө мыйзамдын талаптарын бузуу жеке жактарга 40 миң сом өлчөмүндө, юридикалык жактарга 60 миң сом өлчөмүндө айып салууга алып келет.

Электрондук сигареттерди саткан жеке жактарга 50 миң сом өлчөмүндө, юридикалык жактарга 65 миң сом айып салынат. Ал эми ташып келгендер 150 миң сомдон 200 миң сомго чейинки айыпка жыгылат, же бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Талкууда депутат Эльвира Сурабалдиева электрондук тамеки тарткандарга салынуучу 40 миң айып пул көп экенин айтып, төмөндөтүүнү сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан