Өлкөдө кыз-келиндер арасында электрондук тамеки чеккендер көбөйүп кетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев бүгүн, 2-марттагы парламенттин жыйынында билдирди.
Эл өкүлү президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго жана кесиптештерине кайрылып, электрондук тамеки колдонууга тыюу салууну сунуштады.
"Акыркы жылдары жаштар арасында айрыкча кыз-келиндер арасында электрондук тамеки чеккендер өтө көбөйдү. Ал Кытайдан келет экен. Курамында эмне бар экенин эч ким билбейт. Ичине белгисиз суюктуктар куюлат экен. Зыяндуу заттарды азыртадан көзөмөлгө алыш керек.
Саламаттык сактоо министрлиги, ИИМ, Билим берүү жана илим министрлиги, коомдук телеканалдар түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тарбиялык видео роликтерди чыгаруу зарыл.
Депутаттар, мыйзам даярдап, буга тыюу салалы", - деп билдирди ал.