Мектептерди заманбап окуу китептери менен 57 жылда камсыз кылабыз. Бул тууралуу бүгүн, 13-июндагы парламенттин жыйынында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Анын айтымында, бул үчүн мамлекеттен жыл сайын 152 миллион сом бөлүнөт.
"Мектептерди заманбап, жаңы стандарттагы окуу китептери менен толук камсыз кылуу үчүн 8 миллиард 600 миллион сом керек. Эгерде жыл сайын 152 миллион сом бөлүнүп турса, 57 жылдын ичинде камсыз кылабыз", - деди министр.