
Балыкчы шаарында мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен бала-бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Балыкчы шаарынын прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен социалдык объектилерге карата текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен Балыкчы шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 5650 чарчы метрди түзгөн 52 миллион 360 миң сомго бааланган бала бакчанын имараты жер тилкеси менен прокурордук чара көрүү актысынын негизинде мамлекеттин эсебине алынып, мурунку ээлеринин мыйзамсыз менчик укугу белгиленген тартипте жокко чыгарылды.
Мындан ары аталган социалдык объект ѳзүнүн багыты боюнча мектепке чейинки мекеме болуп пайдаланылат.