Депутат Кадырбеков мектеп окуучуларынын китептерин түшүнүү оор экенин айтты

Бүгүн, 13-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков мектеп окуучулары үчүн китептер оор тилде жазылып жатканын айтты.

"Китептердин жетишпегени деле жакшыбы дейм. Эмнеге, билесиздерби? Анткени китептер аябай татаал тилде жазылган. Мен 5-класстын кыргыз тилиндеги окуу китептерине караганда, Гарварддын, Оксфорддун англис тилинде жазылган китептерин жеңил түшүнөм. Ошол академиктер, илимдин докторлору өздөрү түшүнгүдөй кылып жазып коюшкан. Ошону окуп жаткан кайран балдарга мен рахмат айтам", - деди ал.

Депутат билим берүү министринен бул боюнча иш алып барууну өтүндү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан