Биз социалдык тармакта

Бүгүн Ахунбаев-Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилиши жабык болот

Бүгүн, 14-июнда саат 10:00дөн 20:00гө чейин Ахунбаев-Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилиши жабык болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.
Мындай чектөө жолду капиталдык оңдоо жумуштарына байланыштуу киргизилген.
Маалыматка ылайык, Байтик баатыр жана И. Ахунбаев көчөлөрүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жатат.
"Учурда И. Ахунбаев көчөсүнүн Ч. Айтматовдон А. Токтоналиев көчөсүнө чейинки аралыгына эки катмар асфальт төшөлүп, жол чийиндери тартылып бүттү. А. Токтоналиевден А. Малдыбаев көчөсүнө чейинки аралыкта асфальттын экинчи катмары басылууда", - дешти мэриядан.
Андан тышкары Байтик баатыр көчөсүнүн А. Токтомбаевден А. Сүйөркулов көчөсүнө чейинки аралыгына асфальттын экинчи катмары басылууда. А. Сүйөркулов жана М. Горький көчөсү менен чектелген аралыкта асфальт басууга даярдык жумуштары жасалып жатканы айтылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан