Ак үйдүн алдындагы фонтан капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, кечээ, 13-июнда ишке киргизилди. Анын кечки көрүнүшүн Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жырыялады.
Белгилей кетсек, фонтанды реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо иштери Президенттин иш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн.
Фонтандын ачылышы кечээ, 13-июнда болгон. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров төрага Нурланбек Шакиев жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышкан.
"11 даана жогорку сапаттагы борбордук электр насостору, жарыктардын өңүн кезек-кезеги менен алмаштырып турганга дистанттык башкаруу системасы, гранит каптоо орнотулду" , - деп билдиришкен өкмөттөн.