Биз социалдык тармакта

Балыкчыга каттаган поездин VIP вагонуна алгачкылардан болуп шоу-бизнес өкүлдөрү түшүштү (фото)

Бүгүн, 14-июнда Бишкектен Балыкчыга алгачкы поезд каттамы жолго чыкты. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.

Жаңы ачылган VIP вагонго алгачкылардан болуп шоу-бизнес өкүлдөрү түшүшкөн. Алардын арасында ырчылар Нурлан Насип, Омар, Гүлжигит Калыков жана актриса Альбина Имашова дагы бар.

Бишкектен Балыкчыга поезд жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттайт. Ал эми 15-июлдан тарта поезд күн сайын каттап баштайт.

Поезд Бишкектен саат 07:40та чыгып, Балыкчыга 11:46да жетет. Балыкчыдан 18:12де чыгып, Бишкекке саат 22:18де келет.
Поезддин курамында панорамалык терезелери, кондиционер, жумшак отургучтар жана дивандар, кошумча буфет кызматы бар жогорку ыңгайлуулуктагы үч вагон бар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан