Орусиялык адис Максим Лисицын футбол боюнча Кыргыз улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.
46 жаштагы Максим Лисицын курама команданы сентябрь айында баштала турган 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычына дайындайт.
Максим Лисицын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн 4 жыл мурун баштаган. 2022-жылы анын жетекчилиги алдындагы жаштар курамасы Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө чыккан. Андан сырткары орусиялык адис олимпиадалык U-23 курама команданы Азия биринчилигинин тандап алуу оюндарында жетектеген.
"Кечээ, 13-июнда Кыргыз футбол биримдигинин Аткаруу комитети Лисицындын талапкерлигин бекиткенден соң уюмдун президенти Камчыбек Ташиев кураманын жаңы башкы машыктыруучусу менен жолукту. Ал команданын жаңы устатына ийгилик каалап өтүп, анын жетекчилиги алдында курама командабыз жаңы максаттарга жетет деген ишеничин билдирди", - деп жазылат андагы билдирүүдө.
Кыргыз футбол биримдиги менен жаңы башкы машыктыруучу ортосундагы келишим бир жылга эсептелинген. Максим Лисицын Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычы аяктаганга чейин иштейт.
Белгилей кетсек, кечээ, 13-июнда буга чейин башкы машыктыруучу болгон словакиялык Штефан Таркович
кызматтан кеткен.