"Ак шумкарлардын" башкы машыктыруучусу Штефан Таркович кызматтан кетти

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы менен тарых жараткан словакиялык машыктыруучу Штефан Таркович келишими аяктаганына байланыштуу кызматтан кетти. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.

Штефан Тарковичтин келишими 2024-жылдын 30-июнуна чейин түзүлгөн. Буга байланыштуу Кыргыз футбол биримдиги аны менен болгон келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин кызматташууну токтотуу чечимине келген. Башкы машыктыруучу менен бирге анын бардык машыктыруучулар штабы улуттук курамадан кетет.

"Бүгүн, 13-июнда уюмдун президенти Камчыбек Ташиев Штефан Таркович баштаган машыктыруучулар штабынын бардык мүчөлөрү менен жолугушту. Жыйындын жүрүшүндө биримдиктин жетекчиси кабыл алынган чечимди жарыя кылды, ошондой эле жеке өзүнүн атынан жана өлкөнүн бүткүл футбол коомчулугунун атынан аткарылган профессионалдык иш, акталган үмүт жана ишеним үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди. Башкы машыктыруучубуздун кесипкөй, ишине жоопкерчиликтүү мамилесинин жаркын мисалдарынын бири – жеке кайгысына карабай, командада калганы", - деп белгилешти Кыргыз футбол биримдигинен.

Штефан Таркович 2023-жылдын 24-апрелинде башкы машыктыруучу болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан