АКШ президенти Жо Байден АКШнын башка өлкөлөрдөгү элчилик кызматкерлерине талапкерлердин тизмесин жарыялады. Мындай маалымат АКШ президентинин расмий сайтына жарыяланды.
Андагы маалыматка ылайык, АКШнын Кыргызстандагы элчиси кызматына Брайан Стиммлер талапкер болгон.
Стиммлер Мамлекеттик департаменттин Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча бюросунун директору болуп иштейт. Буга чейин ал АКШнын Бишкектеги элчилигинде миссия башчысынын орун басары болуп иштеген. Ал ошондой эле АКШнын Болгариядагы элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүн жетектеген жана АКШнын Түркмөнстандагы элчилигинде коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери болгон.
Ал орус, болгар жана серб-хорват тилдеринде сүйлөйт.
Учурда АКШнын элчиси Лесли Вигери Кыргызстандагы миссиясын аяктап жатат. Дипломатиялык миссиянын жаңы жетекчисин дайындоо АКШнын Сенаты аркылуу өтүшү керек.