Кечээ, 13-июнда Орусиянын Москва шаарында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Андагы маалыматтарга караганда, көчөлөр дарыяга айланып, жүргүнчү ташуучу автобус чөгүп кеткен. Мындан сырткары унаа токтотуучу жайларды, соода борборлорду суу каптап, кээ бир турак жайлардын ичине чейин кирип кеткен.
Москвада мындай нөшөрлүү жамгыр үч күн катары менен жааган. Синоптиктердин айтымына караганда, туруксуз аба ырайы жуманын аягына чейин уланат.