Ысыктын аптап күндөрү алыскы жайлоого жетелейт. Жай мезгилинде тоолуу аймактын эли мал-жанын жыйнап алып, жайлоого аттанышат. Алар бээ байлап, кымызын жасайт. Аны алыстан ат арытып, жол карытып келген коногуна ашыга сунат. Уй саап, курут, сары май даярдап, кыш камылгасын көрүп, анан жайлоодон кеч күздө келишет.
Сиз жайлоону эңсеп жатканда, жайлоо сизге келди. Жаратылыштын койюнунда жай турмуш өткөрүп жаткан жарандардын турмуш-тиричилиги, андагы кооздук, таза абанын жыты дал ушул кыскача тасмада берилген.
Шаардын ызы-чуусун унуткарып, бир саамга эс алдырган тасма видеограф Исхак Туратбековго таандык.