Биз социалдык тармакта

Бишкектин кайгуул кызматы айдоочуларга кайрылды

Бишкек шаарынын негизги көчөлөрүндө жолду капиталдык оңдоо иштери уланууда. Буга байланыштуу калаанын айрым көчөлөрү жабылды. Алар:

  • Абдрахманов көчөсү, А.Токомбаев көчөсүнөн Максим Горький көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Иса Ахунбаев көчөсү, Чыңгыз Айтматов проспектисинен Малдыбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Иса Ахунбаев көчөсү, 7-Апрель көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Ал эми Абдрахманов көчөсүн кесип өткөн Иса Ахунбаев, Медеров, М.Горький көчөлөрү аркылуу унаа каражаттарынын кыймылына жол ачык.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларга жолдогу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алып, аталган көчөлөр аркылуу өтүүдө алдын ала альтернативдик жолдорду тандап алууну эскертет.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан