Ажылык сапар үчүн Меккеге 1,5 миллиондон ашуун жаран барды

Меккеге дүйнөнүн ар бурчунан ажылык сапар үчүн 1,5 миллиондон ашуун мусулман барды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, ажылык зыярад 14-июндан 19-июнга чейин болот. Сауд Арабия бийлиги быйылкы жылы ажылык сапарга 2 миллиондон көп адам келишин боолголоп жатат.

Белгилей кетсек, Сауд Арабиянын бийлиги квота аркылуу зыяратчылардын агымын көзөмөлдөйт. Буга чейин Сауд Арабиясында ажылык сапарга уруксатсыз барган 300 миңден ашуун адам кармалганы маалымдалган. Сауд Арабиясы ажылык учурунда саясий ураандарды айтууга тыюу салган.

Эске салсак, быйылкы жылы Кыргызстандан 6060 жаран ажылык сапарга жолдомо алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан