Кыргызстандык окуучулар биология боюнча эл аралык олимпиадада 7 медаль утту

Кыргызстандык окуучулар Авиценна атындагы (AIBO) биология боюнча эл аралык олимпиадада эки күмүш жана беш коло медалга ээ болушту. Бул туурасында бүгүн, 14-июнда Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлады.

Маалымдагандай, Бухара шаарында өткөн эл аралык олимпиадага 18 өлкөдөн 100дөн ашуун окуучу катышкан.

Күмүш медалга Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучусу Данияр Гаипов менен Таластагы “Манас ата” лицейинин окуучусу Байзак Карыпжанов ээ болгон.

Коло медалды уткандар:

  1. Жайыл баатыр атындагы Кара-Балта лицейинин окуучусу - Арсений Виноградов;
  2. Карасаев атындагы Каракол лицейинин окуучулары - Азирет Анварбеков жана Нурсултан Нусувалиев;
  3. “Газпром Кыргызстан” мектебинин окуучусу - Алан Кошмуратов,
  4. Бишкек шаарындагы №65 лицейинин окуучусу - Дмитрий Рубан,

Белгилей кетсек, Авиценна атындагы (AIBO) биология боюнча эл аралык олимпиада 9-14-июнь күндөрү Өзбекстанда өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан