Бишкек мэриясы калаадагы Байтик баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүндө жолдорду капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөрүн билдирди.
Буга байланыштуу 15-июндан тарта №42 автобустук каттамдын кыймылы убактылуу өзгөрөт.
Калаа бийлиги тургундардан өзгөртүүлөрдү эске алуу менен сапарларын алдын ала пландаштырууну суранат.