Биз социалдык тармакта

Бишкекте жабылган Ахунбаев көчөсү качан ачылат? Мэрия жооп берди

Борбор калаада Ахунбаев көчөсүндөгү оңдоо иштери жарым-жартылай аяктады. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
"Ахунбаев көчөсүнүн Чыңгыз Айтматов проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады.
Бүгүн, 15-июнда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кызматтар жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте бул тилкедеги иштердин аякташын текшерди.
Көчөлөр 18-июнда унаа кыймылы үчүн ачылат", - деп билдиришти мэриядан.
Ахунбаев көчөсүнүн Чыңгыз Айтматов проспектисинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө иштерди жүргүзүп жаткан подрядчик «ДорСтройГрупп» ЖЧКсы.
Белгилей кетсек, ишкана оңдоо иштерин мөөнөтүнөн 10 күн мурда бүтүргөн.
Эске сала кетсек, муниципалитет төмөнкү көчөлөрдө жолдорду реконструкциялоо иштерин жүргүзүүнү пландоодо:
- Манас проспектисинен Чүй проспектиси менен Т.Айтматов көчөсүнө чейин;
- Ж.Абдрахманов көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинен А.Масалиев көчөсүнө чейин;
- И.Ахунбаев көчөсү менен Ч.Айтматов проспектисинен Ж.Пудовкин көчөсүнө чейин;
- М.Горький көчөсү менен Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин;
- Юнусалиев көчөсү менен Сухэ-Батор көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан