Америкалык UFC уюмунун президенти Дана Уайт түбү чеченстандык мушкер Хамзат Чимаевдин оорусу тууралуу билдирүү жасады.
BJ Penn каналына берген маегинде UFC президенти Хамзат Чимаев катуу ооруп жатканын жашырган жок.
"Тилекке каршы, Хамзат Чимаев кийинки дем алыш күндөрү Сауд Арабиясында боло турган беттешке катышпайт. Ал катуу ооруп жатат, ошондуктан ал мекенине кайтып жатат жана жакында сакайып кетет деп үмүттөнөбүз", - деген Дана Уайт.
Кечээ, 14-июнда чеченстандык жеңилбес мушкер Хамзат Чимаев ооруканага жаткырылганы кабарланган.
Хамзат Чимаев австралиялык Роберт Уиттакер менен беттешүүдөн баш тартканы белгилүү болгон. Эки мушкердин беттеши 22-июнда өтүшү керек болчу.
30 жаштагы Чимаев профессионалдык карьерасында 13 беттеш өткөрүп, 13 жеңишке жетишсе, 33 жаштагы Уиттакер 25 жеңиш жана 7 жеңилүү ызасын тарткан.