Орусиянын президенти Владимир Путин менен өлкө башчы Садыр Жапаров телефон аркылуу сүйлөшүштү. Мындай маалыматты Кремль таратты.
Эки президент өлкөлөр ортосундагы Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы кызматташуусун талкуулашкан.
"Эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн айрым аспектилери талкууланды", - деп билдирди Кремль.