Бүгүн, 15-июнда Бишкектеги Чокон Валиханов көчөсү убактылуу жабылып, мындан улам унаа тыгыны жаралууда.
Бул боюнча Милициянын кайгуул кызматына байланышканыбызда жол чуркоо үчүн жабылганын айтты.
"Чокон Валиханов көчөсүндө чуркоо иш-чарасы өтүп жаткандыктан аталган унаа жол саат 20:00дө унаа кыймылы үчүн жабылган. Бирок кайра эле саат 00:00да унаа кыймылы үчүн ачылат", - деп билдиришти Милициянын кайгуул кызматынан.