Президент Садыр Жапаров Курман айт майрамына карата окулган Айт намазга катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.
Айт намазын президент Бишкек шаарындагы Имам Сарахси атындагы борбордук мечитте окуду.
Мамлекет башчысы майрамдык айт намазды мечитке келгендер менен бирге окуду.