Бишкектеги ири футбол стадионунун курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Ал жарыялаган видеодон курулуш иштери кайсы этапта экенин көрүүгө болот.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров стадиондун курулушу менен ушул жылдын 20-апрелинде пландан тышкары барып таанышып кеткен.
"Жаңы стадионду курууда курулуштун сапаты жана коопсуздугу боюнча бардык талаптар эске алынууда", - деп билдирди Алагөзов.