Кечээ, 16-июнда «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Ташкенттен келген биринчи үзгүлтүксүз каттам тосуп алынды. Мындан ары Ташкент-Ысык-Көл-Ташкент багыты боюнча каттамдар шейшемби, бейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.
"Манас" эл аралык аэропортунан билдиришкендей, Ташкенттен Ысык-Көлгө каттам менен 50 жүргүнчү келген.
"Каттам эки саатка созулат. Келечекте алардын санын күн сайын көбөйтүү пландалууда. Июль айынан баштап аталган каттамды күн сайын аткаруу пландалууда", - деп билдиришти мекемеден.