Кечээ, 16-июнда эртең менен Кытайда Кыргызстандын чек арасына жакын жерде күчү 4,5 баллга жакын жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмологиялык институттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөө саат 11:39да катталды.
"Жер титирөөнүн очогу Кытайда болуп, Ош шаарынан 275 чакырым түштүк-чыгышта, Нарын шаарынан 277 чакырым түштүк-батышта сезилди",-деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын калктуу пункттарында жер титирөөнүн күчү сезилген жок.