Кыргызстанда ушул жылдын беш (январь-май) айында 30 326 жаран пенсияга чыкты. Мындай маалымат Социалдык фондун расмий сайтында көрсөтүлөт.
Маалыматка ылайык, май айында 5114 жаранга пенсияга чыккан.
Андан тышкары эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1284 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.
Белгилей кетсек, 22-майда президент Садыр Жапаров 1-октябрдан тарта пенсиянын көлөмү көбөйөрүн айткан. Айтымында, пенсиянын көлөмү 6800 сомдон кем болбойт.