Таласта аман-эсен табылган швейцариялык турист милицияга ыраазычылыгын билдирди (видео)

Таласта аман-эсен табылган швейцариялык турист милицияга ыраазы экенин айтты. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 16-июнда милицияга "Беш-Таш" улуттук паркына эс алууга чыккан чет өлкөлүк турист дайынсыз болуп жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери чет өлкөлүк туристти аман-эсен табышкан.

"Ал 1964-жылы туулган Швейцария өлкөсүнүн жараны Андрейа Мария Хелена экендиги такталды. Ал "Беш-Таш" улуттук паркындагы Жүрөк көлүн көрүүгө өзү жалгыз чыгып, андан ары дагы жогорулап кеткендиги белгилүү болгон. Турист айым жүргөн жер тоолуу болгондуктан телефондо байланышууга мүмкүн болгон эмес", - деп айтылат маалыматта.

ИИМ чет өлкөлүк турист тынчсызданып издегени үчүн Талас милициясына жана өзү жашап жаткан мейманкананын ээсине ыраазычылык билдиргенин кошумчалады.

17.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан