Быйыл беш ай ичинде 203 миң 217 адам пенсиянын топтомо бөлүгүн алышты. Бул тууралуу Социалдык фонддун сайтындагы маалыматта айтылат.
Маалыматка ылайык, 1-январдан 1-июнга чейин пенсиялык топтомо каражатын алгандар үчүн 3 миллиард 704 миллион 700 миң сом төлөнгөн.
Пенсиянын топтомо бөлүгүн алгандар:
- Пенсия курагына жеткен жарандар - 181 миң 650 адам (2 миллиард 81,2 миллион сом);
- Чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөдөн чыгып кеткендер - 3 миң 925 адам (187,6 миллион сом);
- Каза болгон адамдардын мураскорлору - 10 миң 574 адам (269,4 миллион сом);
- Аскер кызматчылары - 900 адам (8,6 миллион сом);
- Ипотекалык насыя алып жаткандар - 358 адам (74,1 миллион сом);
- Ипотекалык насыя алгандар - 5 миң 155 адам (1 миллиард 16,7 миллион сом);
- Турак жайды ижарага алуу боюнча төлөмдөрдү төлөгөндөр (МИК, ААК каржылайт) - 65 адам (7 миллион сом);
- Расмий түрдө жумушсуз деп таанылган жарандар - 209 адам (3,5 миллион сом);
- Оор оорулары бар адамдар - 381 адам (56,6 миллион сом).