Министр Ысык-Көлгө 1000 баланы эс алууга узатты

Бүгүн, 17-июнда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Ысык-Көлгө балдардын биринчи агымын жөнөтүү иш-чарасына катышты. Бул тууралуу министрлик маалымат таратты.

Белгиленгендей, балдар менен автобустар милиция кызматкерлеринин коштоосунда жөнөп кетишти.

"Жыл сайын министрлик аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын, майыптыгы бар балдардын, камкордукка жана көзөмөлгө алынган балдардын, багып алуучу үй-бүлөлөрдөгү балдардын, жетим балдардын жана тарбиянын өзгөчө шарттарына муктаж оорулуу балдардын, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдардын жайкы эс алуусун уюштурат.

Быйылкы жылы каржылоо 15 миллион сомду түздү. Алты агымда өлкөнүн бардык аймактарынан келген 1000 өспүрүм, анын ичинен 100ү интернат тибиндеги мекемелердин тарбиялануучулары «Алтын-Балалык» ден соолукту калыбына келтирүү борборунда эс алышат. Биринчи агымга Баткен, Талас жана Ош облустарынан балдар жөнөп кетишти", - деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан