Бүгүн, 17-июнда өлкө аймагында туруксуз аба ырайына байланыштуу тоолуу райондордо жана тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, туруксуз аба ырайы 18-19-июнь күндөрү дагы уланат. Нөшөрлөгөн жамгырдан улам дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел каптоонун алдын алып, арыктарды таза кармоону эскертет.