Чүй каналына түшүп кеткен 23 жаштагы кыздын сөөгү табылды

10-июндан бери изделип жаткан 23 жаштагы Миргүл Мидинованын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Свердлов РИИБи билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-июнда милицияга 18-20 жаштардагы кыздын Чоң Чүй каналына секирип кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты электрондук журналга катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Жерине барган милиция кызматкерлери кыздын жеке буюмдарын табышкан.

Свердлов РИИБнин кызматкерлери кайгуул кызматкерлери жана ӨКМдин өкүлдөрү менен биргеликте дайынсыз жоголгон 23 жаштагы Миргүл Мидинованын сөөгүн Биринчи май районунун аймагынан табышкан.

Тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ошондой эле Миргүл Мидинованын алтын буюмдары ата-энесине өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан