Эртең, 18-июнда оңдоо иштери жүргөн Ахунбаев көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылат. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 17-июнда мэриядан тастыкташты.
Мэриядан билдиргендей, Ахунбаев көчөсүнүн Малдыбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылуу алдында турат.
Белгилей кетсек, быйыл борбордун алты негизги көчөсүн капиталдык оңдоо пландалган. Ал эми жалпы шаар боюнча 20 чакырымдан ашык жол жасалат.