Биз социалдык тармакта

Өлкөдө бир жума ичинде 20 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактылары катталды

Өлкө аймагында бир жума ичинде 22 миң 825 жол эрежелерин бузуу фактылары катталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай көрсөткүч 12-июндан 16-июнга чейинки аралыкта катталган.

Жол эрежесин бузуу фактылар:

  • Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 347;
  • Мас абалында унаа башкаруу - 278;
  • Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 70;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 938;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4 миң 71;
  • Авто ээнбаштык - 3;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 4 миң 689;
  • Жалган мамлекттик номур менен унаа башкаруу - 2;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –12 миң 427.

Ошондой эле ЖКККББ ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1537 унаа айып короого токтотулганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан