Биз социалдык тармакта

"Күн күркүрөп, жаан жаашы мүмкүн". 18-июнга карата аба ырайы

Эртең, 18-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалым болгондой, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Аба температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31

Баткен облусунда, түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +31…+36

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27

"Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20°, күндүз +31…+33° градустан жогору болот", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан