Бишкекте Дмитрий Бивол атындагы бокс зал ачылды. Бул тууралуу Бокс федерациясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, ачылыш аземине Бивол өзү жана борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев катышкан.
"Бул залдан Дмитрий Биволдун өзүнө окшогон атактуу мушкерлер чыгат деп үмүттөнөбүз", - деп айтылат анда.
Белгилей кетсек, Дмитрий Бивол 1990-жылы 18-декабрда Токмок шаарында төрөлгөн. Ал бокс менен алты жашынан баштап машыга баштаган. Бивол жаштар арасында Кыргызстандын чемпиону болуп, бокс боюнча өлкөнүн жаштар курамасына кошулган. 15 жашында ал Орусияга көчүп кеткен.